Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында зомбулукка каршы тынчтык акциясы болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 8-марттагы акциядагы милициянын аракетине баа берүүнү, Баш мыйзамдын сакталышын, ар бир жарандын тынчтык митинге чыгууга укугу бар экендигин талап кылышып, «Зордук-зомбулукка каршыбыз» деген чакырыктарды айтышты.
Акция саясий багытта эмес, тынч болду. Милиция бир-эки чагым болуп жаткан учурду жөнгө салып, акцияга чыккандарды коргоду.
Уюштуруучулар катышуучулардан чагымчылдыкка алдырбоону суранып, аянтты бошотуп тарап кетүүнү суранды.
Иш-чарага экс- президент Роза Отунбаева, экс- депутаттар Мира Жангарачева, Ширин Айтматовалар жана бир канча коомдук активисттер да катышты.