Биз менен байланышыңыз

Москва: Изоляция эрежесин бузгандар 5 жылга эркинен ажыратылат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 477 | 0

Коронавирус жайылган мамлекеттерден келген жарандар изоляция эрежелерин бузган учурда 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо департаментинин расмий сайтында кабарланды.

«Интерфакс» берген маалыматка караганда, Орусияда өткөн сутка ичинде 3 адамдан коронавирус аныкталды. Ал эми илдетти жуктургандардын саны он жетиге жетти.

Өкмөттүн буйругу менен коронавирус инфекциясы айлана-чөйрөдөгүлөргө коркунуч жаратуучу илдет деп белгиленип, санитардык-гигиеналык эрежелерди бузуу Орусиянын кылмыш кодексинин тийиштүү беренеси боюнча жазаланат.

Бул эреже туристтер жана Москвада каттоого турбаган жарандарга да тиешелүү.

Copyright © 2017 Maral FM