Коронавирус жайылган мамлекеттерден келген жарандар изоляция эрежелерин бузган учурда 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо департаментинин расмий сайтында кабарланды.
«Интерфакс» берген маалыматка караганда, Орусияда өткөн сутка ичинде 3 адамдан коронавирус аныкталды. Ал эми илдетти жуктургандардын саны он жетиге жетти.
Өкмөттүн буйругу менен коронавирус инфекциясы айлана-чөйрөдөгүлөргө коркунуч жаратуучу илдет деп белгиленип, санитардык-гигиеналык эрежелерди бузуу Орусиянын кылмыш кодексинин тийиштүү беренеси боюнча жазаланат.
Бул эреже туристтер жана Москвада каттоого турбаган жарандарга да тиешелүү.