Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде «Мерседес-спринтер» уурдалды

Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 727 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектин Свердлов районунда Мерседес-спринтер кичи автобусу жоголду. Бул тууралуу «Маралга» унаа ээси кабарлады.

27-февраль түнкү саат 23:30дар чамасында Күрөңкеев менен кесилишкен Табачная 5 дарегинде унааны токтотулган жеринен белгисиз бирөөлөр айдап кеткен. Унаа ээси тиешелүү арыздар менен милицияга кайрылган.

Спринтер ак түстө. Номери: 05 KG. 631 АБН

Айдоочу көрүп, билгендерден 0709-30-76-16, 0999-83-78-78 номурларына кабарлап коюуну өтүнөт. Тапкандарга сый акы каралган.

Copyright © 2017 Maral FM