Биз менен байланышыңыз

Аттестациядан өткөн мугалимдин маянасы 2000 сомго көбөйтүлөт

Кыска кабар | 5 Мар 2020 | 684 | 0

Аттестациядан өткөн мугалимдердин маянасына 2000 сомго чейин кошумча акы чегерилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик мугалимдерди аттестациялоонун жаңы системасын сыноодон өткөрдү. Сыноо квалификациялык категорияларды ыйгаруу аркылуу педагогдордун чеберчилигин арттырып, кесиптик жана инсандык өсүүсүнө өбөлгө түзүүнү максат кылат.

Апробация өлкө аймактарындагы инновациялык 30 мектепте өткөрүлдү. Аттестациялык комиссиялар мугалимдерди ачык-айкын жана комплекстүү түрдө баалашкан.

Жыйынтыгында инновациялык мектептердин 500дөн ашык мугалими аттестациядан ийгиликтүү өттү. Аларга жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категориялар берилди.

2020-жылдын 1-январынан тарта Өкмөттүн “Жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин квалификациялык категориясына кошумча акы чегерүү тууралуу” токтому күчүнө кирген. Документ квалификациялык категория үчүн мугалимдердин айлыгына ай сайын кошумча акынын көлөмүн аныктайт.

Токтомго негизделип, аттестациядан өткөн мугалимдердин маянасына 1000 сомдон 2000 миң сомго чейин кошумча акы чегерилди.

2020-жылдын октябрынан тарта өлкөдөгү башка мектептердин мугалимдери да квалификациялык категорияны алуу үчүн өз эрки менен аттестациядан өтө алышат. Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, аттестациялык комиссиялардын мүчөлөрүнө аттестациялоо процедуралары, инструменттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM