Биз менен байланышыңыз

Азык-түлүктүн кымбатташы: Айлык, пенсия менен жашагандарга ким кам көрөт?

Саясат | 2 Апр 2021 | 2473 | 1

Кыргызстанда акыркы бир жылдын ичинде азык-түлүккө болгон баа кескин өстү. Алсак, кумшекер 57 %га, суу май 64%га, эт 40 %га чейин, картошка 70 %га, жумуртка 34 %га жогорулады. Муну менен жакырлардын да саны өстү. Эксперттер баанын өсүшүн доллардын көтөрүлүшүнө жана өлкөнүн импортко болгон көз карандылыгына байланыштырат. Жарандар баалардын өсүшүнө карата: «Эмне үчүн айлык менен пенсия көтөрүлбөйт?» деген суроолорду байма-бай берип келишет. Мамлекет мындай учурда жарандарына кандай кам көрүшү керек? Алдыда кененирээк токтолобуз.

«Азык-түлүк кымбаттаганда, айлык да сөзсүз түрдө көтөрүлүшү керек» деген эреже Кыргызстандын мыйзамдарында да, эмгек кодексинде да жазылган эмес. Башка өлкөлөрдө бийлик бутактары баа көтөрүлгөндө, элге колдон келишинче жардам көрсөтүүгө аракет кылат. Тилекке каршы, Кыргызстандын бюджети ага жол бербейт. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

«Адатта эки түрдүү жардам берилет. Бирнчиси, экономика көтөрүлүп, ал аркылуу айлык акы көтөрүлөт. Бюджеттен түшкөн кирешенин көлөмү көбөйүп, андан айлык көтөрүлүшү керек. Экинчиси, эгерде Өкмөт ага жол бере албаса, анда жок дегенде бюджеттик кызматкерлерге жана пенсионерлерге даректик жардам бериши керек. Менимче, бюджет ага да жол бере албайт. Ошондуктан бүгүнкү күндө экономикабыз жана бюджетибиз туңгуюкта турат. Чыгуунун жолу жокко эсе. Бар, бирок азыр ага эмнегедир бара албай жатабыз. Биринчи кезекте мамлекетке билимдүү, күчтүү, маселе чече алган команда алып келүү, экинчиси, Европа жана Америка менен болгон мамилени тез аранын ичинде оңдоо. Мына ушул гана чечимдер бизди ийгиликке алып келе алат». 

Базарда азык-түлүккө болгон баанын өсүшү экономикада инфляция деп аталат. Баалардын өсүшүнө карата айлык акыны жана пенсияны көбөйтүү индексация деп айтылат.

Айлык, пенсия, жөлөк пул, стипендияны инфиляциянын өсүшү менен бир жылда бир жолу индексациялап турууну Башмыйзамдын жаңы долбооруна киргизүү сунушун бергенин жаш саясатчы Темирлан Султанбеков айтат.

«Индексацияны Конституцияга киргизип коелу», — деп мен сунуштагам. Мына, Орусияда өткөн жылы болгон референдумда индексацияны киргизип койду да. Бул — айлык акыны көбөйтүү эмес, бул деген — баалардын өскөнүнө карата айлык акылардын, пенсиялардын деңгээлин көтөрүп, азык-түлүктөрдү сатып алганга мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Бирок, муну айлык акы жана пенсия көтөрүлдү деп Өкмөттүн айтканга мүмкүнчүлүгү болбошу керек. Бардык бийлик шайлоонун алдында 100-200 сомго көтөрүп коюп, «мына биз көтөрдүк» дегенди жакшы көрүшөт. Бирок бул чындыкка дал келбейт». 

Өкмөт өлкөдөгү инфляцияны, азык-түлүккө болгон бааны ойлогондун ордуна, башчылары бат-баттан алмашкандыктан, креслосун сактап калуу менен гана алек болуп калды деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Чынара Урумкалиева. 

Анын айтымында, бийликке ким келбесин, кадр алмаштыруу менен гана алек.

«Өкмөттө азыр иштер аябай жай жүрүп жатат. Себеби, министрликтердин баарын бири-бирине кошуп жатпайбы?! Ошого «Кайсыл жакка кошулуп калабыз, эмне кылабыз?» деген принцип менен отуруп калышты. Өздөрүнүн ойлорун айткандан коркушат. Жакпай калса, жумуштан кетип калышы мүмкүн. Кыскача айтканда, азыр Кыргызстанда «хаос» болуп жатат. Ошондуктан азык-түлүк кымбаттап, ага карата айлык акы көбөйүшү керек дегенди эч ким ойлонбой эле. Кыймылдаган киши жок, азыр референдум жөнүндө ойлонуп жатышат, кызмат жөнүндө ойлонуп жатышат». 

Соцфонддун расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда 686 миң пенсионер бар. Бүгүнкү күндө орточо пенсия 5 миң 786 сомду түзөт. Эң аз пенсия — 700 сом, ал эми эң жогорку пенсия — 145 миң сом. Укук коргоочу, юрист Эржан Кайыпов аялуу топко кирген жарандар, жөлөк пул алуучулар Социалдык өнүгүү министрлигине кайрылып, жөлөк пулун көтөрүү жана башка колдоочу жардамдарды алуу үчүн арыз жазса боло турганын, бирок ал узак убакытта ишке аша турган процесс экенин айтат.

«Пенсия, жөлөк пулду көбөйткөнгө мамлекеттин кудурети жетеби?» деген чоң суроо бар. Өкмөт ачык иш алып барса, бюджетти толтуруу механизмдери ачык жүрсө, чечкиндүү реформа жасалып, бизнес коомчулук менен жаңы кадамдарга барса, ошонун баарын коомчулук көрсө, анан натыйжа чыгарса болот эле. Тилекке каршы, «мыйзамсыз байыган» деп кармалган саясатчылардын миллиондорду төлөп бошоп кеткенинен башка Өкмөттүн алгылыктуу иш алып барганын көрө элекпиз». 

Ал эми Социалдык фонддун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов мыйзамда каралган өлчөмдө ушул жылдын күз айларында пенсия жогорулай турганын, ал эми азык-түлүккө болгон баанын өсүшү менен жогорулатууга Социалдык фонддун мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

«Мыйзам чегинде күз айларында жогорулатуу каралган. Бюджетте ошентип бекитилген. Баалардын жогорулашына тилекке каршы, байланыштыра албайбыз. Калктын аялуу катмарына даректүү жардам берүүнү Өкмөт чечпесе, биздин андай мүмкүнчүлүк жок. Биз төгүлгөн төлөмдөрдүн негизинде гана пенсияларды беребиз». 

Негизи азыркы иштеп жаткан Башмыйзамда да айлык акынын эң төмөнкү көрсөткүчү жашоо деңгээлинен төмөн болбошу керек деген ченем бар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкө боюнча төмөнкү деңгээл 5600 сомду түзгөн.

Улукбек Марипов премьер-министрлик кызматына киришип жатып, Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешевдин: «5 миң 600 сомго бир ай жашаса болобу?» деген суроосуна «Жашаса болот, бирок кыйыныраак», — деп жооп берген.

«Сиздин сурооңузду түшүнүп жатам. Сиз керектөө куржуну жана жашоо наркы жөнүндө айтып жатасыз. 5600 сомго деле жашаса болот, бирок чындыгында кыйын. Эми айла жоктун иши болуп жатат да. Муну карап көрөлү».

Эми айлык акынын көлөмүнө келе турган болсок, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү айлык алган өлкөлөргө кирет. Эл аралык уюмдардын маалыматында, 2018-жылы Борбор Азиядан Казакстанда орточо айлык 480 доллар, Түркмөнстанда 320 доллар, Өзбекстанда 235 доллар, Кыргызстанда 220 доллар, Тажикстанда 110 доллар деп эсептелген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2020-жылдын 7 айында орточо айлык акы 18 миң сомду түзгөн. Ошол эле учурда өткөн жылы Кыргызстанда жумушсуздардын саны 94 миң адам деп эсептелген. Тактап айтканда, эмгекке жарамдуу калктын болжолдуу 7 %ы иши жок жүрөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Кузя

    06.05.2021 08:33

    Каякты карап эсептейсинер билбейм, эл кыйналып эле атат Окмотту жетектеп тургандар эле кыйналбай жашап жатпаса, карапайым Эл кыйналып эле атат. Орточо айлык айыл жергесинде 4000эле сом. Булар болгондо да МОПтордун айлык маянасы. Ит олгон жумушта иштешсе да айлык маянасы 4000 эле мин сом 🤦‍♀️

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM