Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чегинде өткөрүү бекеттери үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрө баштады

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 635 | 0

Бүгүн, 2-марттан саат 08.00дөн баштап «Кең-Булун — автожол» (Кыргызстан) — «Аухатты» (Казакстан) жана «Токмок — автожол» (Кыргызстан) — «Сортобе» (Казакстан) өткөрүү жайлары үчүнчү өлкөнүн жарандарын өткөрө баштады.

Бул тууралуу чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Көп тараптуу (эл аралык) «Токмок-автожол» өткөрүү жайы

Жай жүргүнчүлөрдү, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө. Токмок шаарына жакын Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

Көп тараптуу (эл аралык) «Кең-Булуң-автожол» өткөрүү жайы

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө. Кең-Булуң айылына жакын жайгашкан.

Аталган өткөрүү жайлары күнү-түнү иш алып барат.

«2003-жылдын 25-декабрындагы кыргыз-казак Өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуусуна” Астана шаарында 2018-жылдын 17-августунда кол коюлган өзгөртүүлөрдү киргизүү Протоколуна ылайык “Кең-Булуң-автожол” жана “Токмок-автожол” өткөрүү жайларынын макамы эки тараптуудан көп тараптуу болуп өзгөрдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM