Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан казактарды ЕАЭБдин ченемдерин сактоого чакырды

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 827 | 0

Кыргызстан кыргыз казак-чек арасындагы кырдаал боюнча Казакстанды ЕАЭБдин ченемдерин сактоого чакырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 8-июнда, казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда айтты.

Тараптар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттары аркылуу унаалардын өтүү кыймылына байланышкан кырдаалды талкуулашты.

Ошондой эле «Ак-Тилек» — «Карасу» жана «Чоң-Капка» – «Айша-Биби» өткөрмө пункттарындагы тоскоолдуктарды четтетүүнү белгилешти.

Министр Айдарбеков зарыл болгон санитардык эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүк ташуучу унаа каражаттарынын мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн «Чалдовар»– «Сыпатай Батыр» көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүгүн 8-июндан тарта кайра жандандыруу жөнүндө жетишилген макулдашууга оң баасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM