Биз менен байланышыңыз

Казакстанга жөнөгөн кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 483 | 0

Казакстандын чек арасына киргени жаткан кыргызстандык айдоочудан коронавирус аныкталып, ал артка кайтарылган. Мындай кабарды Sputnik агенттиги бүгүн жазды. Маалыматка караганда, вирус жуктурган адам Кыргызстандын жараны, Токмок шаарынын тургуну экени аныкталган.

«Карасу» өткөрүү пунктунан айдоочудан ПЦР-анализи алынып, вирус аныкталды. Ал атайын транспорт менен кайра Кыргызстанга жөнөтүлдү, — деп айтылат кабарда.

Казакстанда коронавирус аныкталган учур 1 593га жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM