Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чек арадан мыйзамсыз акча өтүп жүргөн каналга бөгөт коюлду

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 566 | 0

Талас облусундагы Манас районунун үч тургуну чек араны мыйзамсыз кесип, акча алып өтүп жүргөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Манас районунун К.Б.Ш., Д.Р.А., М.А.У аттуу үч тургуну кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз акча алып өтүп турган туруктуу канал түзүп алганы боюнча маалымат буга чейин келип түшкөн. Билдирүү Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 43-беренеси (Кылмышка катышуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү-иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган үч жаран кармалып, каналга бөгөт коюлду.

Учурда тергөөнүн материалдары кошумча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM