Биз менен байланышыңыз

Казакстандын Тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий визит менен келди

Кыска кабар | 28 мая 2021 | 710 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча, 28-майда Казакстандын Премьер-министринин орун басары — Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эки күндүк иш сапардын алкагында Казакстандын Тышкы иштер министри Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушмакчы.

Ошондой эле ал «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана башка маданий иш-чараларга катышары пландалууда.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, аймактык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан сырткары өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды тоскоолдуксуз өткөрүү маселелерине көңүл бурулат.

Copyright © 2017 Maral FM