Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирустан каза болгон алгачкы жагдай катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2020 | 920 | 0

Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн айыккандардын саны 41 миңден ашты.  Ошондой эле, аталган вирусту 573 адам жаңыдан жуктуруп алуу фактылары катталды. Бир сутка ичинде Хубэй провинциясында коронавирустан 35 киши каза болду. Ошентип, аталган оорудан курман болгондордун жалпы саны 2870ке жетти. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматына таянып, РБК жазды.

Каза болгондордун 34ү Хубэй провинциясында катталса, Хэнань провинциясында бир киши каза болгон.

Кытайда вирусту жуктургандар 79 824кө жетти, ошол эле учурда 41 825 киши аталган илдеттен айыкты. Жалпы дүйнө боюнча 85 956 адам вируска кабылган.

Кытайдан башка өлкөдө коронавирус 2019-nCoV жаңы жуктургандын саны 144кө жети. Гонконгдо 95 адам жуктуруп, 2 киши каза болду.  Макаодо 10 киши жана Тайванда 39 киши жуктуруп, бир киши каза болду.

Аталган оорунун жайылышы боюнча Кытайдан кийинки орунда Түштүк Корея турат. Жалпы 3150 адам коронавируска кабылган.

Италияда 1128 адам жуктуруп, 29 киши вирустан каза болгон. Иранда жалпы 593 адам жугузуп, алардын 43ү каза болгон.

Кечээ, 29-февралда АКШда аталаган вирустан каза болгон алгачкы жагдай катталып,Вашингтон штатынын жашоочусу каза болду.

Учурда Кытайдын дээрлик бардык аймактарында вирусту жугузгандар байкалды. Андан сырткары,50 өлкөдө жана 3 административдик аймакта коронавирусту жугузгандар катталды.

Copyright © 2017 Maral FM