Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жалпы жарандык паспортторду берүүнү көзөмөлгө алат

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 590 | 0

Өкмөт биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору – 2ге барган учурда билдирди.

«Биз жакын арада буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип, анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго, жалпысынан республикабызга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, республикада жалпы жарандык электрондук паспортторду берүү 2019-жылы башталмак. 2018-жылы 1,2 млрд сомго жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланган.

Эң минималдык эмес сумма – 940 млн 150 миң сом сунуштаган — «Гарсу Пасаулис» литвалык компаниясы жеңүүчү катары таанылган. Немистик Muhlbauer ID Services «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилгенин» билдирип, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, сотко берген.

Copyright © 2017 Maral FM