Биз менен байланышыңыз

Кылыч Саркарбаев кызматынан убактылуу четтетилди

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 686 | 0

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев кызматынан кетти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров «Фейсбук» баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Саркарбаев териштирүү иштерине байланыштуу убактылуу кызматынан четтетилди.

Эске салсак, 2019-жылдын 22-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Ал атышууда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Кийинчерээк айрым маалымат булактары бул атышууга Ош шаардык Спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин тиешеси бар экенин жазып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM