Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында унга болгон баа туруктуу сакталууда

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 585 | 0

Ош шаарында унга болгон баа туруктуу сакталууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн түшкө чейин “Тулпар” ун комбинатында 1-сорттогу 1 кап ун 1350 сомдон сатылды. Саат 16:30да ун базарга да 30 тонна ун жеткирилди. Ундун сатылышы көзөмөлгө алынып, 1 мүшөгү 1350 сомдон сатылууда. Бүгүндөн тарта ун базарда да ун сатуу улантылат. Буга чейин ун базардагы соодагерлер өз алдынча бааны көтөрүп, эл арасында дүрбөлөң жараткан. Ошол себептүү ун базарда ун сатылбай жаткан.

Азык-түлүк тартыштыгы болбойт.

Ош шаарынын мэриясы коронавируска байланыштуу сактыкка чакырып, жарандардын үйлөрүнөн чыкпоону суранат.

Шаардык мэрия, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM