Биз менен байланышыңыз

Ош: Медицина тармагына жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом бөлүндү

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 582 | 0

Ош шаардык мэриясы коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында медицина тармагына 700 миң сом бөлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Азыркы абалга байланыштуу медицина тармагына профилактикалык жана дезинфекциялоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом бөлдүк, — деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүнкү өткөн маалымат жыйынында.

Ошондой эле, ал Ош шаарында баардык той-аштарга тыюу салынганын, адамдардын райондордо, аймактарда болгон кыймылына чектөө киргизиле турганын билдирди.

Мындан сырткары, Ош эл аралык аэропортунун жетекчиси Талантбек Ысаков учурда ички каттамдар гана ишке ашырылып жатканын айтып, сырткы авиа каттамдар убактылуу токтотулганын кошумчалады.

Ош облусу боюнча «Ыкчам байланыш» кызматтары:

  • Ош облусу: 03222 7-07-55, 03222 8-91-69;
  • Алай: 03234 6 00 06;
  • Араван: 03231 5-40-86;
  • Кара-Кулжа: 03239 5 07 66;
  • Кара-Суу: 03232 5 19 62;
  • Ноокат: 03230 6 02 56, 5 03 65;
  • Өзгөн: 03233 6 00 92;
  • Чоң Алай: 03237 2 21 24.

Copyright © 2017 Maral FM