Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри беткап тигип жаткан кызматкерлер менен жолукту

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 642 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов беткап тигүүнү колго алган “Дастан стиль” ишканасынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Шаар мэри учурдагы кырдаалга байланыштуу беткап тигүүнү колго алган ишкананын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, кызматкерлердин азык-түлүккө болгон муктаждыгын чечип бере тургандыгын айтты.

Мындай убакта ар бирибиз жалпы элибиздин ден соолугу үчүн кызмат кылышыбыз керек. Азыркы учурда эң биринчи беткап менен камсыздоо болуп жатат. Бул маселени чечүүдө сиздердин салымыңыздар чоң,-деди мэр.

Аталган ишканада күнүнө 10 миңге чейин беткаптар тигилип, шаардагы дарыканаларда сатылууда.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов беткап тартыштыгынан улам “Мурас” тигүү фабрикасынын кызматкерлери менен жолугуп, беткап чыгарууну колго алуу зарылчылыгы пайда болгонун айтып, кызматкерлерди элдердин саламаттыгы үчүн жардам берүүгө чакырды.

Аталган фабрикада негизинен улуттук кийимдер чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM