Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында 5 миң үй-бүлөгө азык-түлүк таратылууда

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 550 | 0

Бүгүн, 30-апрелде Ош шаарында 5 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам таратылууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жардам тизме боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана кырдаалга байланыштуу муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө жеткирилүүдө.

Азык-түлүк мамлекеттик бюджеттик резервинен Ош шаарына бөлүнгөн каражатка алынып, атайын комиссия көзөмөл кылууда. Комиссиянын курамында укук коргоо органдары, соцкызматкерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана мэриянын кызматкерлери бар.

Ош шаарында жалпы 42 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам көрсөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM