Биз менен байланышыңыз

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоого 340 миң шайлоочу катышат

Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 576 | 0

12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо  шайлоочулардын алдын ала тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматынан Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын алдын ала тизмесине 340 479 адам, же Кыргызстандын шайлоочуларынын жалпы санынан дээрлик 10% киргизилди. 12-апрель күнү Кыргызстандагы 25 айыл өкмөттө жана 5 шаарда жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат.

13-февралдагы алдын ала тизмеге ылайык 12-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын алдын ала саны

Жергиликтүү кеңештин аталышы 2020-жылдын 13-февралына карата шайлоочулардын саны
Бардыгы – 30, анын ичинде 25 айылдык жана 5 шаардык кеңеш 340 479
Чүй облусу
Аламүдүн району
1. Арашан айылдык кеңеши 2 699
Ысык-Ата району
2. Милянфан айылдык кеңеши 3 193
Токмок шаары
3. Токмок ш. 34 734
Жалал-Абад облусу
4. Майлуу-Суу ш. 11 893
Аксы району
5. Авлетим айылдык кеңеши 6 362
Тогуз-Торо району
6. Атай айылдык кеңеши 1 479
7. Көк-Ирим айылдык кеңеши 2 026
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
8. Оргочор айылдык кеңеши 2 984
Балыкчы шаары
9. Балыкчы ш. 28 112
Каракол шаары
10. Каракол ш. 37 203
Ысык-Көл району
11. Кумбел айылдык кеңеши 2 726
Ош шаары
12. Ош ш. 139 117
Ош облусу
Ноокат району
13. Көк-Бел айылдык кеңеши 3 399
Кара-Суу району
14. Сары-Колот айылдык кеңеши 4 739
Алай району
15. Коңур-Дөбө айылдык кеңеши 2 648
16. Будалык айылдык кеңеши 17 24
Өзгөн району
17. Алтын-Булак айылдык кеңеши 1 592
18. Мырза-Аке айылдык кеңеши 10 138
Араван району
19. Нурабад айылдык кеңеши 5 257
20. Тепе-Коргон айылдык кеңеши 12 874
Баткен облусу
Лейлек району
21. Маргун айылдык кеңеши 2 622
22. Бешкент айылдык кеңеши 6 192
Нарын облусу
Жумгал району
23. Куйручук айылдык кеңеши 1 860
24. Түгөл-Сай айылдык кеңеши 1 439
25. Таш-Дөбө айылдык кеңеши 1 345
26. Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши 1 433
27. Чоңөбө айылдык кеңеши 843
Ак-Талаа району
28. Баетов айылдык кеңеши 7 334
29. Коңорчок айылдык кеңеши 906
30. Жерге-Тал айылдык кеңеши 1 606

 

Copyright © 2017 Maral FM