Биз менен байланышыңыз

Депутат Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 453 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине талапкер катары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат азырынча Токмок шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер.

Эскерте кетсек, Токмок шаарынын мэрин шайлоо 26-августка белгиленген. Бүгүн, 18-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэри кызматына талапкерлерди каттоонун акыркы күнү.

Copyright © 2017 Maral FM