Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоого толугу менен даярбыз

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 2 Окт 2020 | 703 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 күн калды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бул жолку шайлоого 3 млн 523 миң жаран шайлоочулардын тизмесине кирген. Алардын ичинен 35 миң 580и өлкөдөн сыртта шайлайт. Бул үчүн Боршайком Кыргызстанда 2474, ал эми чет жактарда жалпысынан 44 шайлоо участокторун ачкан.

БШК бардык шайлоо участкалары керектүү жабдуулар менен камсыз болгонун айтып, бардык автоматтык урналар текшерүүдөн өтүп жатканын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бардык участкалар шайлоого даяр экенин, ал күнү ар кандай абалга дайын турганын айтат.

Ар бир участкада урналар жетишерлүү, кошумча урналар менен дайындалган. Кокус бирөөсү иштебей кала турган болсо, кошумча урна коюлат. Ар кандай техникалык мүчүлүштүктөргө даярдык катарында бардык участкаларга генераторлор орнотулду. Шайлоону уютуруучу орган катары биз даярбыз. Мына, бүгүн шайлоо бюллетендер таратылып жатат.

Осмоналиев ошол эле учурда 4-октябрь шайлоо системасына ар кандай хакердик чабуул болорун да айтат. Анткени, 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо бир эле күнү серверге 40 миңдей чабуул болгон.

— Эми ар кандай коркунучтар бар. Мисалы, акыркы шайлоону алсак, 2017-жылы шайлоо күнү эле болжол менен 40 миңдей хакердик чабуул болгон. Анткен менен системага залакасы тийген эмес, бүгүнкү күнү деле иштеп жатат. Эртеңки шайлоодо дагы биз, албетте, андай чабуулдарды күтөбүз. Бирок, биздин шайлоо системабыз туруктуу, заманбап болгондуктан, андайларга туруштук берет, — деди Осмоналиев.

Ал эми шайлоо участкаларына урна, биометрикалык маалыматты аныктоочу аппарат жана башка жабдуулар жеткирилген. Бирок, мектептерде жайгашкан участкаларда окуучулар окуп жаткандыктан урналар орнотула элек.

БШК шайлоо участкаларынын кызматкерлерин окутуп, түшүндүрүү иштерин улантып жатат. Боршайком аларга шайлоо күнү электр энергиясы өчүп, интернет байланышы үзүлүп калса кандай чараларды көрүү керек жана шайлоочуларды кандай тартип менен кабыл алуу керектигин үйрөтүүдө.

1325 номурлуу шайлоо участкасында азырынча 1-класстын окуучулары билим алып жаткандыктан жабдууларды орното элек. Участканын төрайымы Илита Пактын айтымында, урналарды шайлоого бир күн калганда ортнотуп байштайт.

— Бизде бардыгы жетиштүү. Биринчиден, техникалык  катачылыктар болушу мүмкүн экенин эске алып, генераторлор орнотулду. Экинчиден, орнотулган интернет тутуму дагы иштебей калышы мүмкүн, анын да алдын алып, интернет модем беришти. Биз бардыгын кандай керек болсо, ошондой өткөрөбүз. Биз катачылыкка жол бербейбиз, бирок бизден көз каранды болбогон техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Биз аларды кантип жоюу керектигин окуп жатабыз. Андай катачылыктар болбойт деп үмүт кылабыз, — дейт участканын төрайымы.

Пак ошону менен бирге шайлоо участогуна кирерде санитардык эрежелер сакталып, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөй турганын кошумчалады. Ал үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери маалымат берип, түшүндүрүү иштерин шайлоо участкаларында жүргүзүп жатат.

Парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн быйыл мамлекеттик бюджеттен 722 млн сом бөлүнгөн. Ага кошумча, Кыргызстан Түркиядан шайлоого карата техникалык жабдууларды сатып алуу үчүн акчалай жардам сураган. Түрк бийлиги ага 100 миң АКШ долларын бөлүп берген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча эрте мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин болот. Ага 16 партия ат салышып, шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан жогору добушун алганы парламентке өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM