Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Шаардык кеңешке кимдер талапкер боло албайт?

Блог , Маек | 28 мая 2021 | 8829 | 0

Президент Садыр Жапаров «Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка бүгүн 28-майда кол койду.Буга чейин аталган шаарлардагы шайлоодо бир канча тилкедеги добуш берүү жараксыз деп табылып, аны менен шайлоо жыйынтыгы толук жокко чыгарылган болчу. Жарлык боюнча Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 11-июлга дайындалды. Аталган шаарларда кайра шайлоолор кандай өтөт? Кайсы партиялар катыша алат жана кимдер четтетилет? Бул суроолордун айланасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов менен маек курдук.

— Абдыжапар мырза, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо эмне үчүн 11-июлга дайындалды?

— Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Бишкек аймактык комиссиясынын чечимдери менен 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылган. Ошого байланыштуу бүгүн, 28-майда мамлекет башчынын жарылыгы менен 11-июлга кайра шайлоо бекитилди. Мындай шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган мезгилде бир айдын ичинде кайра шайлоону өткөрүү боюнча дайындоо жүргүзүлөт. Шайлоо дайындалгандан күндөн баштап 40 күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүлүшү керек, ошондуктан 11-июлга кайра шайлоо дайындалды.

— Шайлоо күнү дайындалды, эми кийинки процедуралар кандай жүрөт?

— Эми Борбоордук шайлоо комиссиясы календарлык планын иштеп чыгып, чыгымдардын сметасын түзүп, шайлоого даярдыкты көрүүнү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар менен биргеликте даярдык жүргүзөт.

—  Алдыдагы шайлоого мурда катышкан саясий партиялар кайра катыша алабы?

— Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга ылайык, ал партиялар катыша берет. Бирок, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганга себепчи болгон талапкерлердин катышуусу чектелүүгө алып барат. Ошондуктан соттун чечими, шайлоо комиссияларынын чечими менен шайлоону жокко чыгарууга негиз болгон талапкерлерди каттабоо боюнча чечим кабыл алат. Алар кайра шайлоого катыша албай калат.

— Учурда кайсы талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт? Соттордун чечимдери белгилүүбү?

— Аймактык шайлоо комиссияларынын, Борбордук шайлоо комиссияларынын жыйынтыгы менен талапкерлерди четтетүү боюнча чечим чыккан. Азыр болсо үч шаардын тең талапкерлери боюнча сотко чейинки өндүрүштө турган иштер жана соттун кароосунда турган иштер бар. Алардын жыйынтыгы менен соттун чечимдеринен кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Бул процесс шайлоочулардын тизмесин бекитүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейинки мөөнөттө кабыл алынышы мүмкүн. Талапкерлердин тизмесин каттоонун мөөнөттү үчтөн бирге кыскарганда шайлоо күнүнө 20 календарлык күн калганга чейин каттоо процесси жүргүзүлөт.

— Буга чейин коомчулукта шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганга себепчи болгон талапкерлерди кайра шайлоо өткөрүүгө кеткен каражатты төлөтүү керектигин айтып жаткан болчу, каржылоо кандай жүрөт?

Мыйзамда андай нормалар каралган эмес. Ал коомчулукта айтылып жаткан сөздөр. Шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө кеткен чыгымдар мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

— Маегиңизге чоң ырахмат! 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2021-жылы 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышты, Ош шаардык кеңешине 9 партиядан 701 талапкер катышты. Одоно мыйзам бузуулар болгондуктан Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM