Биз менен байланышыңыз

БШК бюллетендерди өлкө аймактарына жөнөттү

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1285 | 0

Бүгүн, 1-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, ошондой эле референдумду өткөрүү үчүн бюллетендер шайлоо тилкелерине жиберилет. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, бюллетендер чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине да жеткирилет.

Президент Садыр Жапаров 13-мартта «Кыргыз Республикасынын Конституциясы» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM