Биз менен байланышыңыз

Парламенттик фракциялар БШК мүчөлүгүнө талапкерлерин сунуштады

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 672 | 0

Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамын шайлайт. Анткени 6-чакырылыштагы парламент БШКнын учурдагы курамын 2016-жылдын июнь айында 5 жылдык мөөнөткө шайлаган. Демек, июнь айында БШКнын 12 мүчөсүнүн ыйгарым укуктары аяктайт. Мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 12 мүчөдөн турат. Алардын алтоосун президент, алтоосун парламенттик фракциялар көрсөтөт. Үчтөн бири аялдар квотасына берилип, үч эркек жана үч аял мамлекет башчысынын квотасы боюнча көрсөтүлөт. Парламенттик фракцияларга аялдар квотасы каралган эмес.

БШК мүчөлүгүнө КСДП фракциясы экс-депутат, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин талапкерлигин көрсөттү.

«Республика — Ата Журт» Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовду жана депутат Таабалды Тиллаевди колдоого алды.

«Кыргызстан» фракциясы дагы эки талапкерди — БШКнын учурдагы мүчөсү Акылбек Эшимовду жана ушул эле фракциядан мурда депутат болгон Чолпон Эсенаманованы сунуш кылды.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы партиялашы Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин көрсөттү.

«Бир Бол» БШК башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматовду алып чыкты.

«Ата Мекен» «Кыргызпочтасынын» экс-директору Марс Наспеков менен Эсептөө палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гайпкуловдун талапкерлигин көрсөтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM