Биз менен байланышыңыз

Бир тонна күйүүчү майды мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 429 | 0

Кечээ, 15-февралда «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 тонна 300 литр күйүүчү майды алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлери Казакстандан келаткан Ford-Transit үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алган учурда, 1 тонна 300 литр күйүүчү май чыккан.

Унаанын айдоочусу 1999-жылы туулган А.И. товардын коштоочу документин көрсөтө алган эмес.

Тиешелүү документтер толтурулуп, унаанын айдоочусу жүгү менен кошо Мамлекеттик салык кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM