Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык мугалимдер Японияда акысыз окушат

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 848 | 1

Кыргызстандык мугалимдер Японияда акысыз окуй алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандагы мектептердин башталгыч жана орто класстарынын мугалимдери Япония өкмөтүнүн бир жылдык агартуучулук программасына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Программа “Жаш окутуучулар үчүн” деп аталат.

Талаптар:

  • 35 жаштан жогору эмес;
  • жалпысынан беш жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйбасы бар.

Япон тилин кошумча үйрөнүүгө муктаж болгон мугалимдер Японияга барган соң алты ай ичинде курска катышышат.

Талапкерлер билдирме-анкетаны 28-февралга чейин Япония элчилигине бериши керек. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 16.

Талапкерлерди тандоо туру эки этап менен өтөт:

  • Жазуу жүзүндөгү тест 4-мартта, маектешүү 11-мартта өтөт.
  • Эки сынак тең Адамзатты өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунда өтөт. (Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков 109, Ж. Баласагын атындагы КУУ, 7- корпус, 2-кабат).

Кенен маалымат жана керектүү документтерди шилтемеден таба аласыз
https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ru/education_ru.html

 

1 пикир

1 пикир

  1. Минюра

    13.02.2020 11:01

    Аа жакшы шанс мугалимдер учун, бирок даны эле кол ийрисине тартат болуп,тааныш -билиш болуп, чондордун тууган уруктары барып бекер 1 жыл журуп келет болуш керек.((

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM