Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык 100 студент Өзбекстанда акысыз окуй алат

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 567 | 0

Кыргызстандык 100 студент Өзбекстандын окуу жайларында акысыз окууга мүмкүндүк алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында, эки өлкөнүн министрлери эки тараптуу келишимге кол коюшкан. Квоталар бакалавриат жана магистратура программалары үчүн каралган.

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер онлайн платформасында каттоодон өтүшү керек. Анкеталарды толтуруп, бардык талап кылынган документтерди 15-июль саат 23.59га чейин жиберүү керек.

Документтерин ийгиликтүү жана өз убагында тапшырган талапкерлер ушул жылдын 17-19-июль күндөрү боло турган алдын ала тандоого катыша алышат.

Сурап ​​билүү телефону: 0 (312) 62 15 19.

Copyright © 2017 Maral FM