Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда акыркы суткада 36 дарыгерге коронавирус жуккан

Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 464 | 0

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 36 медициналык кызматкер катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекте – 21, Чүй облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда беш медкызматкерден коронавирус аныкталган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7 миң 256 учур катталды.

Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча – 6 миң 953 медициналык кызматкер айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM