Биз менен байланышыңыз

Шаардык бюджеттин эсебинен 100 автобус сатып алынат

Коом , Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 798 | 0

Шаардык бюджеттин эсебинен Бишкекке 50 автобус сатылып алынат. Бул Бишкек мэриясынын пландык отурумунда талкууланды. Шаарга жалпы 100 автобус керектелет, ал эми азыр жалпы 400 дөн ашуун автобустар бар. Бишкек мэри шаарга жетишээрлик автобустарды сатып алабы? Дагы 100 автобус сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен канча каражат керектелет?

Бишкек мэриясы шаардагы автобустардын санын миңге жеткирүүнү пландаган. Учурда 490 автобус болсо, анын ичинен 200 гө жакыны күн сайын каттамга чыгат. Ал эми калган автобустардын эскилиги жеткендиктен, оңдоп-түзөөгө муктаж.

Бишкек мэри жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 100 автобус алууну максаттоодо, ага болжол менен 600 млн сом керектелет. Биринчи этабында 50 автобус, андан кийи 50 автобус  алынат.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин айтымында, үч типтүү автобустар алынат, алар коомдук транспорт жетпеген конуштарга берилет.

-Бүгүнкү күндө шаарда болгону 490 автобус бар, анын ичинен 140 автобус эскилиги жеткен, былтыр дагы 60 автобус сатып алганбыз. Эми быйыл жалпы 100 автобус сатып алабыз. Алгач 50 автобус сатып алабыз. Конуштарга кетчү каттамга автобустар жетишпейт, ошондуктан автобустардын санын 100 ге жеткиришибиз керек. Ошондо гана бүт көйгөйлөр чечилет, шаарды толугу менен камсыздай алабыз. 

Автобустар алынып, толукталса, маршруткалардын саны өзүнөн өзү азаят, учурда автобустар жетишпегендиктен маршруткалар керек.

-Электрондук билетке өтүү менен, аларды бардык автобус, маршруткаларга коюу пландалган. Биринчи автобус, троллейбустарды электрондук билетке өткөрөбүз. Чоң, ыңгайлуу автобустарды алып келсек, маршруткалар өзүнөн өзү кыскарылат.  Учурда маршруткаларды жоюп салуу, экономикага туура келбейт. 

«Автотранспорт» ишканасынын директору Нурлан Койчубаков каражаттын бөлүнгөнүнө жараша, автобустар сатып алынат дейт.

-Биз 100 автобус алуу керектигин айтып жатабыз. Бюджеттен канча каражат бөлүнсө, ошого жараша сатып алабыз. Кайсы каттамдарга керек, биринчи аныктап, анан бөлүштүрөбүз. Негизи шаарга автобустар жетишпейт. Ал эми электрондук билет боюнча айтсак,  март айынан толук өткөрөбүз. Экинчи этабында маршруткаларды да электрондук билетке өткөрүү планда бар.

Эскерте кетсек, автобус, троллейбустарга  валидаторлор коюлду. Март айынан тарта жүргүнчүлөр электрондук билет колдоно баштайт. Белгиленген тариф боюнча мектеп окуучуларына берилчү электрондук билеттин бир айлык баасы 175 сом. Ал эми чоңдорго 495 сом. Картанын өзү 50 сом турат. Учурда «Билайн» компанияларында сатылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM