Биз менен байланышыңыз

Казакстан Кытайдан 217 жаранын алып келди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 487 | 0

Бүгүн, 11-февралда Казакстан коронавируска байланыштуу Кытайдын Пекин шаарынан 217 жаранын алып келди. 12-февралда дагы 155 жаранын эвакуациялайт. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттык сактоо министри билдирди.

Анын айтымында, келген жарандар көзөмөлгө алынмакчы. Алардын арасында вирусту жуктургандар катталган эмес.

Учурда Кытайда 497 казакстандык бар, алардын 337си студенттер. Эвакуация иштери аяктаган соң, өлкөсүнө келүүнү каалабаган дагы 343 жараны калмакчы.

Казакстанда вирустук инфекция менен катталгандар жок.

Оорууну алгачкы симптомдору: дене табынын көтөрүлүшү, тамактын ооруксунушу, жөтөл, дем алуу жолдорунун кыстыгышы. Андан соң өпкөнүн сезгенүүсунө алып келет.

Кытай бийлиги Ухань шаарындагы белгисиз вирус боюнча 2019-жылдын 12-декабрында билдирүү жасаган. Оорууну козгогуч 2019-nCoV аталышындагы коронавирустун жаңы түрү экендиги аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM