Биз менен байланышыңыз

Былтыр экстремисттик 97 сайтка жана 300 аккаунтка тыюу салынды

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 325 | 0

2019-жылы экстремисттик 97 сайтка жана 300 аккаунтка тыюу салынып, чектөө киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратура 2019-жылы жарыяланган материалдарды экстремисттик, террористтик жана баңгизаттарды мыйзамсыз жарнамалады деп таап, сотко 27 арыз жиберип, алар канааттандырылды.

Арыздарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча, соттун чечими менен экстремисттик 97 сайтка, 300 баракчанын ишмердүүлүгүнө жана 21 баңгизаттарды жарнамалоочу маалымат ресурстарына тыюу салынды.

2019-жылы баңгизаттарды жарнамалоо жана жайылтуу боюнча 257 акт түзүлүп, 225 акт боюнча дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Copyright © 2017 Maral FM