Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Ар бир жаран өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кызыкдар болуш керек

Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 510 | 0

Ар бир жаран өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кызыкдар болуш керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегиясында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна кытай инвестору 280 млн доллар салууга даяр.

«Логистикалык борбордун аймагында өндүрүштөр түзүлүп, 15 миң адам туруктуу иш таба алат. Өлкөгө киреше алып келе турган жердин жөн тура бергени кажетпи? Биз 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу айтып жатабыз, ал эми коңшу өлкөлөр миңдеген гектар жерлерди инвесторлорго берип жатышат. Мен, Премьер-министр катары биздин өлкөгө келип, биздин мыйзамдарды сактап, ата мекендик экономиканы өстүрүүгө шарт түзгөн бардык инвестицияларды колдойм», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өлкөнүн аймактарында жайгашкан жана экономиканын өнүгүшү, өз ара сооданы көбөйтүү менен алектенген бир катар объекттерди мисал келтирди.

Copyright © 2017 Maral FM