Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Бороновдун программасындагы 11 артыкчылыктуу багыт (тизме, видео)

Кыска кабар | 17 Июн 2020 | 968 | 0

Бүгүн, 17-июнда парламенттин жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу жана парламенттик көпчүлүк тарабынан өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Кубатбек Боронов өзүнүн Өкмөттүк программасын депутаттарга тааныштырды. Кубатбек Боронов белгилегендей, министрлер кабинетинин курамы мурдагы бойдон эле калат.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу жана ага талапкер болуп сунушталып жаткан Кубатбек Бороновдун программасындагы артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр:

  1. Коронавирус пандемиясына байланыштуу жаралган экономикалык кыскартууларды токтотуп калуу;
  2. Бюджетти толтурууга кошумча каражаттарды табууну камсыз кылуу;
  3. Бюджеттин тартыштыгын болжолдонгон пайыздан ашып кетпөөсүн камсыз кылуу (ички тартыштыгын 4,7%дан ашпоосун камсыз кылуу);
  4. Өкмөттүн иши улуттук стратегияда каралган артыкчылыктуу багыттарда каралат;
  5. Ишкерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыздоо, финансылык колдоо көрсөтүү;
  6. Экономиканы тез аранын ичинде калыбына келтирүү, атамекендик ишкерлерди колдоо;
  7. Экономиканы фискалдаштыруу программасын өркүндөтүү;
  8. Бажы системасындагы кирген-чыккан товардын так эсебин чыгаруу, көмүскө экономика менен күрөшүүдө конкрентүү иштерди баштоо, салыктын толук төлөнүшүн камсыз кылуу. Салык саясатында башкаруу иштерин жакшыртуу, жөнөкөйлөштүрүү, салыктарды кыскартуу. Майнинг чөйрөсүнө салык салууну укуктук негизде киргизүү;
  9. Тышкы карыздар менен иштөө;
  10. Аймактарды өнүктүрүүгө басым жасоо;
  11. Санариптештирүү жаатында буга чейин жасалган иштерди улантуу.

Copyright © 2017 Maral FM