Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Кыска кабар | 8 Фев 2020 | 195 | 0

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. Казакстандын Кордай районунда чыккан жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын өткөрмө пункттары жана Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

Белгилей кетсек, 7-февралда кечке маал Кордай районунун Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Аталган 2 айыл Кыргызстан менен чектеш жерде жайгашкан жана ал жерде дуңган улутундагы тургундардын жашаары белгилүү. Казакстандын ИИМи окуянын келип чыгыш себебин айта элек.

 

Copyright © 2017 Maral FM