Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Ухандан 334 жаранын алып келди [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 1130 | 0

Өзбекстан Кытайдагы Ухань шаарынан жалпы 334 жаранын алып келди.

Бүгүн, 5-февралда Ухандан учкан «Өзбекстан аба жолдору» каттамы Ташкенттеги аэропортко келип конду.

Учактын бортунда 84 жүргүнчү, экипаж мүчөлөрү, ошондой эле медицина кызматкерлери менен вирусология боюнча атайын адистер болду.

Кечээ, 4-февралда Өзбекстан Ухань шаарынан чартердик рейс менен 250 жаранын алып келген. Кытайдан келген жарандар жалпы карантинге алынары айтылган.

Учурда коронавирусту жуктурган 24 миң 426 адам катталды. Ушул убакытка чейин 491 адам каза тапса, 903 киши сакайган.

Xitoyning Uhan shahridan vatandoshlarimiz Toshkentga qaytib kelishdi

Xitoyning Uhan shahridan vatandoshlarimiz Toshkentga qaytib kelishdi

Опубликовано UZREPORT TV Вторник, 4 февраля 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM