Биз менен байланышыңыз

Акылбек Сариев: Шайлоого бир да партия таза жол менен барбайт

Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 811 | 0

Шайлоого бара жаткан партиялар шайлоонун ачык, адилет, мыйзамдуу өтүшүнө эч качан кызыкдар болбойт. Мындай пикирин БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев «Азаттыка» берген маегинде билдирди.

«Канчалык мыкты партия болбосун, шайлоого бара жатканда бир да партия таза жолду тандап, мыйзамдуу жол менен барбайт. Себеби, ал барайын десе,  экинчи жанындагы оппоненти турат, ал барбайт. Ошол себептен  баардык партиялар колунан келген ар түрдүү ыкмаларды колдонот. «Не-пойман, не-вор» деген жол менен кетишет» , -деди Акылбек Сариев.

Ошондой эле ал Кыргызстанда парламенттик башкаруу болгону менен президенттик башкаруу жүрүп келе жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM