Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан балдарга коронавирус тууралуу жат жазуу жаздырууда

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 1764 | 0

Өзбекстандын мектептеринде билим алган окуучулар коронавирус тууралуу жат жазуу жазып жатышат. Социалдык тармактарда жат жазуулардын сүрөттөрү жарыяланды.

Өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин пресс-катчысы Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо максатында бир топ иштерди жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Анда айтылгандай, элди коронавирустан сактоо үчүн атайын сунуштар иштелип чыккан. Вирус тууралуу маалыматты жаш балдарга түшүнүктүү тилде жеткирүү үчүн мектептерде дил баян, жат жазууларды уюштурушууда. Анда балдар  илдеттин жайылышын кантип алдын-алууга болору тууралуу маалымат алып жатышат.

Ошондой эле, жат жазуунун жардамы менен балдарды гигиена эрежелерин туура сактоого үйрөтүп жатышат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 426га жетти. Кытайдын расмий маалыматы боюнча, вирус жуккандардын саны 20 миң 520дан ашса, 666 адам оорудан айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM