Биз менен байланышыңыз

Ухань: 10 күндө курулган оорукана бейтаптарды кабыл алууну баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 1500 | 0

Кытайдын Ухань шаарындагы коронавирус жайылган соң курулушу башталган убактылуу оорукана 10 күндө бүтүп, бүгүн, 3-февралдан тарта бейтаптарды кабыл алууну баштады.

Оорукана 1000 орунга ылайыкташкан.

Хошэньшань бейтапканасында атайын даярдалган 1 миң 400 аскердик дарыгерлер иштейт.

Аталган шаарда курулуп жаткан 2-оорукана да 6-февралдан тарта иштеп баштары күтүлүүдө.


3-февраль: Коронавирустан каза тапкандар 361, айыккандар 475 киши [хронология]


Дүйнөгө жайылып бараткан 2019-нКоВ аталышындагы коронавирустун жаңы түрү алгач декабрь айында, Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустун айынан 361 адам каза болсо, 17332 адам вирусту жуктурган. Белгилей өтсөк, вирус жукка 475 бейтап айыкканы айтылууда.



Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?

Copyright © 2017 Maral FM