Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 7411 | 0

Кытайдагы 2019-нКоВ аталышындагы коронавирустан каза болгондордун саны 17ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 610дон ашты. Ал эми британ эксперттери бул көрсөткүч 2000ден ашарын белгилеп жатышат.

Учурда вирусту жугузуп алгандар АКШ, Жапония, Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Австралия жана Таиландда да катталды. Андан сырткары, кечээ Орусияда да жугуштуу илдеттин белгилери байкалган бейтап ооруканага жаткырылды.

Дем алуу органдарында пайда болгон вирус алгач ирет деңиз азыктары сатылган Ухань аймагынан табылган. Бул аймакта калк жыш жайгашкан жана деңиз азыктарын көп колдонгондугу менен белгилүү.

23-январдан баштап Ухань шаарында коомдук транспорттор убактылуу токтотулду. Анын ичинде: автобус, метро, паромдор (суу аркылуу адам жана транспорт ташуучу кеме) жана алыскы аралыкка адам ташуучу транспорттор бар. Шаардын тургундары үчүн аэропорт, темир жол станциялары жабылат. Кытай өкмөтү элден Ухань шаарына келбөөнү жана эгер шаарда болсо, сыртка чыкпоону суранууда.

Жугуштуу оорунун симптомдоруна токтолсок:

Ал кадимки сасык тумоонун белгилерине да окшоп кетет. Ооруну жуктургандардын дене табы кескин көтөрүлөт. Бейтапта жөтөл пайда болот. Андан сырткары, дем алуусу кыйындайт.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму Кытайда тарап жаткан коронавирустун жаңы түрүнөн коргонуу сунуштарын Твиттердеги баракчасына жайгаштырды.

ДСУ коронавирустан коргонуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

— колду бат-баттан самындап жуу;

— Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду жабуучу салфетка колдонуу же чыканак менен тосуу;

— Суук тийүү жана грипптин симптомдору байкалган адамдар менен аралыкты сактоо;

— Чийки бышырылган эт жана жумуртканы колдонбоо;

— Кароосуз жүргөн жандыктарга жакындабоо.

Copyright © 2017 Maral FM