Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Тегеран-Бишкек» аба каттамы боюнча алгачкы учак келет

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 604 | 0

Бүгүн, 3-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 11.45те «Манас» Эл аралык аэропортуна «Тегеран-Бишкек-Тегеран» аба каттамы  боюнча биринчи учак келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган авиакаттамдар ирандык «VareshAirlines» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Эске салсак, 1-февралда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Кыргызстанга жаӊыдан дайындалган Ирандын элчиси Саид Харразинин жолугушуусунда «Тегеран-Бишкек-Тегеран» түз аба каттамынын кайрадан ишке киргизүү макулдашылган.

«Тегеран-Бишкек-Тегеран» жаңы аба каттамын салтанатуу тосуп алууну Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти уюштурат.

Copyright © 2017 Maral FM