Биз менен байланышыңыз

Орусия беш өлкө менен аба каттамын жандантты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 431 | 0

Шаршембиден баштап Орусия Бангладеш, Бразилия, Монголия, Коста-Рика жана Аргентина менен каттамдарын жандантты. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүн, 1-декабрдан тарта Москва — Дакка (жумасына 2 жолу), Москва — Улан-Батор (жумасына 3 жолу), Москва — Улан-Удэ (жумасына 1 жолу), Иркутск — Улан-Батор, Красноярск — Улан-Батор (жумасына 1 жолу), Москва — Рио-де-Жанейро (жумасына 2 жолу), Москва — Сан-Хосе (жумасына 2 жолу), Москва — Буэнос-Айрес (жумасына 2 жолу) багыттары боюнча аба каттамдар башталат.

Мындан тышкары бүгүндөн тарта Орусия Кыргызстан, Вьетнам, Италия, Казакстан, Азербайжанга болгон учак каттамдарын көбөйттү.

Copyright © 2017 Maral FM