Биз менен байланышыңыз

Казакстан Ухань шаарындагы жарандарын алып келди

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 891 | 0

Кытайдагы коронавирустун жайылышына байланыштуу бүгүн, 2-февралда Казакстандын ыкчам медицина боюнча Улуттук координациялык борбору Кытайдагы 83 жаранын эвакуациялады. Алардын сексени Кытайдын Ухань шаарында окуган студенттер. Бул тууралуу Казак Өкмөтүнүн маалымат кызматы жарыялады.

Алып келүү учурунда казакстандык дарыгерлер коштоп барып, бардык коргонуу чараларын көрүштү. Казакстанга алынып келинген жарандар медициналык тешерүүдөн өткөндөн кийин шаардан 7 км алыстыкта жайгашкан көп профилдүү ооруканага, атайын палаталарга (изолятор) 14 күндүк карантин менен жайгаштырылууда.

Клиникада зарыл болгон жугуштуу коопсуздук технологиялар сакталып, заманбап диагностикалык, дарылоо жабдыктары менен жабдылган.

Алынып келинген жарандар биринчи кезекте коронавирус боюнча медициналык көзөмөлдөн өткөрүлмөкчү жана алгачкы 14 күн аралыгында алар менен өзгөчө инфекциялар менен иштеген тажрыйбалуу дарыгерлер гана байланышмакчы.

Кытайдан келген жарандардын ата-энеси жана туугандары карантиндин мөөнөтү менен таанышып, маалымат алышкан.

Казакстандын мамлекет башчысынын атынан Кытайга 13,6 тонна медициналык буюмдар түрүндө гуманитардык жардам берилген.

Copyright © 2017 Maral FM