Биз менен байланышыңыз

Мамфинкөзөмөлдүн кызматкери кармалды

Кыска кабар | 29 Апр 2024 | 165 | 0

УКМК каржы системасын демантаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын ( мындан ары Мамфинкөзөмөл) кызматкери Ш.Э.Ш. тарабынан, КР жараны А.у.Н.дан опузалап акча талап кылуу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, А.у.Н аттуу жаран автосалондун аянтынын бир бөлүгүн ижарага алып, ал жерде ар кандай үлгүдөгү автоунааларды сатканы аныкталган. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн илгерилетүү жана жарнамалоо максатында унаа лотереясын уюштурган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында аталган автосалонго Мамфинкөзөмөлдүн кызматкери Ш.Э.Ш. келип, өзүн көзөмөл органынын кызматкеримин деп тааныштырып, алардын иш-аракети мыйзамсыз экенин, мындан ары кылмыш ишин козгоо менен текшерүүнү уюштурушу мүмкүндүгүн айтып моралдык-психологиялык кысым көрсөткөн. Антыктан, бул маселени оң жагына чечүү үчүн 2000 (эки миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

2024-жылдын 26-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Мамлекеттик Финансылык көзөмөл кызматынын кызматкери Ш.Э.Ш. өз иш бөлмөсүндө 53 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды, аталган кызматкер арыз ээсин борбордогу соода борборлорунун бирине келип, банкомат аркылуу сумманы өзүнүн жеке эсебине которууга мажбур кылган.

Учурда жогорудагы кызмат адамы тарабынан жасалышы мүмкүн болгон башка коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча тиешелүү тергөө – оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM