Биз менен байланышыңыз

Берлинде «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү

Кыска кабар | 29 Апр 2024 | 243 | 0

Берлин шаарында 26-апрелде белгилүү режиссер Руслан Акундун Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тартылган «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү. Көрсөтүү Германиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен уюштурулду.

Кыргызстандын германиядагы элчилигинен билдиришкендей, кеченин башында элчи Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, иш-чаранын уюштуруучуларына Берлинде фильмдин премьерасын көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле тасма эненин уулуна болгон сүйүүсүнүн күчү жөнүндө баян экенин, анда балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиленин актуалдуу маселелери козголуп, бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 12-майында аталган тасма Франкфурт-на-Майне шаарында да көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM