Биз менен байланышыңыз

Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 29 Апр 2024 | 184 | 0

Максат Усубалиев Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Максат Усубалиев 38 жашта, туризм тармагында атайын билими жана эки магистр даражасы бар.

2012-2017-жылдары Туризм департаментинин директорунун орун басары, акыркы эки жылда Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү фондунун вице-президенти болгон.

Фонддо Максат Усубалиев маркетинг жана туризм тармагына жагымдуу шарттарды түзүү боюнча долбоорлорду жетектеген. Анын ичинде туроператордук ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын эки эсе төмөндөтүү, чет элдик жарандарды онлайн каттоо долбоору, 49 жылга туристтик объектилерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн жер тилкелерин берүүнү жөнөкөйлөтүү, чек ара зонасына уруксат алуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM