Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл акыны Жолочу Рысбаев ааламдан өттү

Кыска кабар | 30 Апр 2024 | 330 | 0

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Рысбаев 30-апрелге караган түнү ааламдан өттү. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Акын Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган.

1966-жылы Сан-Таш орто мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуп бүтүргөн.

1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.

1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

«Чырмоок» аттуу сатиралык китеби 1982-жылы жарык көргөн.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Чырмоок: Тамсилдер. — Ф.: Кыргызстан. — 1982. -63 б.

Коңгуроо: Сатиралык ырлар, тамсилдер, пародиялар.  Ф.: Кыргызстан, 1988. — 70 б.

Ой, шумдук!: Ырлар, тамсилдер. — Ф.: Адабият, 1992. — 37 б.

Ап-Чихи!-Чүчүңүз!: Сатиралык ырлар.  Б., 1999. — 134 б.

Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес: Сатиралар, тамсилдер. -2006. — 286 б.

Ачуу-таттуу аралаш 2008.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM