Биз менен байланышыңыз

Коронавирус Орусияга да жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2020 | 1125 | 0

Орусияда коронавируска чалдыккан эки киши катталды. Алар кытай жарандары  болуп чыкты. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди.

Маалыматка караганда, бирөөсү Забайкальеде, экинчиси Тюменде катталган. Экөө тең карантинге алынды.

Эске салсак, 30-январда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Учурда коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (23 мамлекетте) жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 1-февралга карата 259 адам каза болсо, дагы 11 миң 822 кишинин илдетти жуктурганы маалымдалды.


Коронавирус: 1-февралдагы абал, вирусту жугузгандар 12 миңге чамалады [хронология]


Беткап артына «жашынган» дүйнө [фотогалерея]

Copyright © 2017 Maral FM