Орусияда коронавируска чалдыккан эки киши катталды. Алар кытай жарандары болуп чыкты. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова билдирди.
Маалыматка караганда, бирөөсү Забайкальеде, экинчиси Тюменде катталган. Экөө тең карантинге алынды.
Эске салсак, 30-январда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.
Учурда коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (23 мамлекетте) жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 1-февралга карата 259 адам каза болсо, дагы 11 миң 822 кишинин илдетти жуктурганы маалымдалды.