Марал Радиосу

Коронавирус: 1-февралдагы абал, вирусту жугузгандар 12 миңге чамалады [хронология]

Учурда Кытайдын дээрлик бардык аймактарында вирусту жугузгандар байкалды. Андан сырткары, 23 өлкөдө жана 3 административдик аймакта коронавирусту жугузгандар катталды. Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда да 2 коронавирус жугузган киши аныкталды. Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүндө илдетти жугузгандар байкалган эмес.


Коронавирус Орусияга да жетти


Кытайдагы расмий статистика

(01.02.2020) 12:10 кытай убактысы
Вирусту жуктургандардын саны — 11822 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 17988 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 23+3 админстративдик аймак
Каза болгондор — 259 адам
Айыккандар 243 киши

(31.01.2020) 10:15
Вирусту жуктургандардын саны — 9720 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 15238 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 19
Каза болгондор — 213 адам
Айыккандар 175 киши

(30.01.2020) 11:20
Вирусту жуктургандардын саны — 7739 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 15
Каза болгондор — 170 адам

(29.01.2020) 16:00
Вирусту жуктургандардын саны — 6078 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 16 (+БАЭ)
Каза болгондор — 132 адам
Айыккандар 112 киши

(28.01.2020) 12:00
Вирусту жуктургандардын саны — 4535 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 6973 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 15 (+Германия, Шри-Ланка, Канада)
Каза болгондор — 106 киши.
Айыккандар 60 киши

(27.01.2020) 15:00
Вирусту жуктургандардын саны — 2823 адам
Вирус жукту делген шектүүлөр — 5794 адам
Вирус жайылган өлкөлөр 12
Каза болгондор — 81 адам
Айыккандар 55 киши

(25.01.2020)
Вирусту жуктургандардын саны — 2012 адам
Каза болгондор — 56 адам


Беткап артына «жашынган» дүйнө [фотогалерея]


Вирус жайылган өлкөлөр:

Кытай + 23:

  • Тайланд 19
  • Жапония 17
  • Сингапур 16
  • Австралия 10
  • Малайзия 8
  • Түштүк Корея 12
  • АКШ 7
  • Франция 6
  • Германия 7
  • Вьетнам 5
  • БАЭ 4
  • Орусия 2
  • Улуу Британия 2
  • Канада 3
  • Италия 2
  • Непал 1
  • Финляндия 1
  • Швеция 1
  • Камбоджа 1
  • Шри-Ланка 1
  • Филиппины 1
  • Индия 1
  • Испания 1

Атайын админстративдик аймактар:

  • Гонконг 13
  • Тайвань 10
  • Макао 7


Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактаныш керек?


2019-нКоВ аталышындагы коронавирустун жаңы түрү алгач декабрь айында, Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Учурда илдетти жугузгандар менен мамиле түзгөн 44132 адам көзөмөлгө алынган.


Коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыяланды

Exit mobile version