Биз менен байланышыңыз

Жумабеков: Кыргыз ортопедиясы Кытайдыкынан алдыда

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2020 | 691 | 0

Кыргызстан медицинанын ортопедия тармагы боюнча Кытайдан алдыга кеткен. Мындай оюн ортопед-травматолог Сабырбек Жумабеков “Маралга” берген маегинде айтты. Ал Кыргызстанда операция жасоодо колдонулган жаңы ыкмалар Кытайда жок экенин белгиледи.

-Кыргыз ортопедиясынын мыкты экенин Кытай таанып жатат. Муну Кыргызстандын ийгилиги деп эсептеймин. Кытайдын жаңы курулуп жаткан Фанчэнган шаарына 2000 орундуу жаңы инновациялык медициналык мекеме салынып жатат. Ал жерге дүйнөнүн мыкты адистерин чакырышыптыр. Аларга барып, кеңешибизди берип келдик. Жай айларында дагы барууну пландап жатабыз.

Кошумчалай кетсек, Сабырбек Жумабеков Кытайдын Фанчэнган шаарынын мэрине медицинаны өнүктүрүү боюнча кеңешчи болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM